Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-декабрда Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын кайра кароо тууралуу өтүнүчүн карап чыгып, аны канааттандырган жок. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Татьяна Чильникина журналисттерге кабарлады. 
Маалыматка караганда, депутаттын тарапташтары Октябрь райондук соту чыгарган чечимди жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылуу жасашкан. Алар Ахматбек Келдибековду УКМКнын абагынан чыгарып, үй камагына алуусун өтүнүшкөн. Мындан улам Бишкек шаардык соту бул ишти кароону 2-декабрга белгилеген. Бүгүн Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, анын баш коргоо чарасын өзгөртпөө тууралуу чечимин кабыл алды. Өкүмгө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда отурат.
Белгилей кетсек, Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, 20-ноябрь күнү камакка алынган. 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту аны 2 айга УКМКнын абагына камоо тууралуу чечимин чыгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан