Социалдык тармактарда кыямга кошулган кумшекердин эрибей калган видеосу тарады. Бул көрүнүш интернет колдонуучулар арасында кумшекердин сапатына байланышкан күмөн саноолорду жараткан. Өлкөгө кумшекерди алып кирүүдө лабораториялык сыноолордон өтөбү жана аны даярдоодо сапатына канчалык деңгээлде көңүл бурулат деген суроо менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин саламаттыкты сактоо жана коопсуздук департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана алиментардык оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчиси Азамат Имакеевге кайрылдык.
Анын айтымында, Кыргызстанга сырттан алып келинген азык-түлүк, анын ичинде кант аккредитацияланган лабораториялык сыноолордон өтөт.
"Кыямдын мындай болуусуна ар кандай себептер болушу мүмкүн. Мисалы, даярдоо процессинде температура жана убактысынан катачылыктар кетип же кумшекер менен жемиштин көлөмү бири-бирине дал келбей калуусунан улам болушу ыктымал. Ошондой эле продукциянын сапатынан да көз каранды. Андыктан даярдалган кыямдын эмнеден улам бузулгандыгын экспертиза жүргүзмөйүнчө так айта албайбыз”, - деди Имакеев.
Ал эми “өлкөдө кумшекер тартыштыгы барбы” деген сурообузга Айыл чарба министрлигинин тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков төмөнкүдөй деп жооп узатты.
“Кыргызстанга 105 миң тонна кант алуу үчүн квота бөлүнүп берилген. Апрель айынан тарта 105 миң тоннадан заводдорго, ишкерлерге бөлүнүп бериле баштады, бул ноябрга чейин уланат. Бүгүнкү күндө үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга 23 миң тонна көлөмдө кумшекер келди. Андыктан кооптонууга негиз жок”, - деди ал.
Данияр Жанузаковдун белгилешинче, өлкөгө кумшекер Бразилия, Аргентина, Кытай, Индия, Пакистан жана Ирандан алып келинет. Орусия кумшекерди сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салгандыктан учурда кумшекер Кытай жана Индиядан импорттолот.