Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп Талайбек Конкобаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Алмазбек Балташов аркалап келген.