Бишкектеги №47 абактын ордуна турак жай комплекси курулат

Бишкектеги №47 абактын ордуна турак жай комплекси курулат. Бул тууралуу парламент жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

"Биишкек шаарынан №47 түзөтүү мекемесин алып чыктык. Жер 8,6 гектар аянтты ээлейт. Жакынкы убакта ал жерге турак жай комплексин куруу боюнча сынак жарыялаганбыз", - деди Жапаров.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад шаарындагы абак шаардын сыртына көчүрүлүп жатканын кошумчалады.

Маалымат үчүн:

Бишкектеги №47 абак жоюлуп, ал жерде жайгашкан корпус Новопокровкадагы №3, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 жана №31 атайын мекемесине которулары жазылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан