Байсалов өлкөгө инсулиндин партиясы алып келингенин айтты

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кант диабети менен жабыркагандар үчүн инсулин жок болуп жатканын айтты.

"Кант диабети менен жабыркагандар үчүн инсулин жок, баасы кымбат. Казакстан жана башка мамлекеттерден алып келип жатышат. Мамлекет кант диабети менен ооругандага кандай кам көрөт?", - деп суроо узатты.

Министрлер кбаинетинин төрагасынын орун барсары Эдил Байсалов инсулиндин партиясы өлкөгө алып келингенин билдирди.

"Чындыгында инсулин боюнча көйгөй болгон. Март айынын башында тендер жарыяланып, ал учурда чет өлкөлүк валюталардын кризисине туш келип калган. Азыркы күндө тендер өттү. Инсулиндин партиясы келди. Дарыны сатып жана таркатуу боюнча өзгөртүүлөр кирди", - деди Байсалов.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров инсулинди тендерсиз түз сатып алуу механизмдери иштелип чыкканын айтып, мындан ары инсулин Франциядан жана Орусиядан сатып алынарын кошумчалады.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков өлкөдө элдин саламаттыгына байланыштуу эң көйгөйлүү маселе инсулиндин тартыштыгы экенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан