"Манас" эл аралык аэропорту" ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирүү таратты.
"Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан, авиабилеттерди сатып алууда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинде ПЧР тести тууралуу маалыматты тактап, билип алууңуздарды суранабыз.
Мисалга алсак, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ПЧР тестинин же эмдөө сертификатынын милдеттүү түрдө болушун жокко чыгарышкан.
Бирок Орусия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок. Андыктан Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЧР тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат", - дешет мекемеден.
"Манас" эл аралык аэропорту башка өлкөлөрдүн талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана такталбаган маалыматты таратпоону суранат.