Тышкы карыздардын эң көп бөлүгүн төлөө 2023-жылга туура келет

Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн эң жогорку чеги 2023-жылга туура келет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында билдирди.

Ал бюджеттин кирешелерин жогорулатуу керектигин айтат.

"Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн эң көп бөлүгүн 2023-жылы төлөшүбүз керек. Ошондуктан биз бюджеттин кирешелерин 500 миллиард сомго чейин чогултуунун жогорку темпин сактайбыз.

Президент Садыр Жапаров башкарган 1,5 жыл ичинде ички дүң продукциянын көлөмү турукташып, алгылыктуу өсүш камсыз кылынды. Экономиканын бардык тармактарында өсүштүн оң динамикасы байкалууда. Ички дүң продукциянын номиналдык көрсөткүчү 2020-жылы 601,8 миллиард сом, 2021-жылы 723,1 миллиард сом болсо, быйылкы жылы 824 миллиард сом болору болжолдонууда. Жакынкы 2-3 жылда биз бул көрсөткүчтү 1 триллион сомго жеткирүүнү көздөп жатабыз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан