Бишкек шаарынын бир нече аймагында куураган чөп күйдү

Бишкек шаарынын бир нече аймагында куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Чимкент көчөсүндө ачык аянтта 10 чарчы метр куураган чөп, Ак-Өргө конушунда ачык аянтта 70 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

12 кичи райондо ачык аянтта күйгөн куураган чөп бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 400 чарчы метр куураган чөп күйгөн. "Ата-Түрк" сейил багында, аянты 300 чарчы метр куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан