2-декабрь күнү Башкы прокуратура Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго карата кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 2011-жылдын 3-октябрында Иса Өмүркулов жетектеп турган Бишкек мэриясы тарабынан "Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багынын чек арасын бекитүү жөнүндө" токтом чыгарылып, ага ылайык, жалпы аянты 33,92 гектардан турган сейил бактын аймагы бекитилген. Бул токтомдо буга чейин бекитилген башкы пландагы сейил бакка тиешелүү аймактын аянты 14,22 гектарга (анын ичинде убактылуу колдонууга 3,0144 гектар жеке адамдарга бөлүнүп берилген) кичирейип кеткен.
Жыйынтыгында сейил бакка тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү жалпы зонадан мыйзамсыз чыгарылган. Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, ал сейил бак жалпы колдонуудагы жер тилкелердин катарына кирет жана калктын маданий-тиричилик максатындагы керектөөсүн канааттандырууга багытталган. Ошентип, Бишкек шаарынын башчысы Иса Өмүркулов жогорудагы токтомду өзүнүн кызматтык укуктарынан аша чабуу менен чыгарган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы: "Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында Иса Өмүркуловду камакка алуу же кармабоо чечими чыгарылат",- деп билдирди.
Соңку күндөрү коомчулукта "бийликтин коррупцияга каршы күрөшү кош стандарттуу мүнөздө, оппозициялык маанайдагы саясатчыларга каршы формада гана жүрүп жатат" деген сөздөр көп орун алып жаткан. Экс-спикер, "Ата Журт" партиясынын депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары да "резонанс жараткан камоолор тандалма иретинде ишке ашууда" деген ойдо. Андыктан КСДПнын өкүлү болгон Иса Өмүркуловго каршы козголгон кылмыш иши коомдук пикирди өзгөртүү үчүн уюштурулган будамайлообу же күн мурунтан жүргүзүлүп келе жаткан иликтөө иштеринин жыйынтыгы беле деген суроо жаралууда.
Акыркы күндөрү Бишкек шаардык кеңеши менен Жогорку Кеңештеги "республикачыл" депутаттар байма-бай Иса Өмүркуловго карата сын-пикирлерин жаадырып башташкан. Өкмөт башчылыктан кеткенден бери үн катпай келген Өмүрбек Бабанов да, ага тиешелүү НТС телеканалы да Иса Өмүркуловдун ишиндеги кемчиликтер, жоопсуз суроолорго басым жасоодо. Бул креслого аталган партиянын өзгөчө кызыгуусу бар экени көрүнүп турат. Андыктан эгер Өмүркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болсо, шаар башчылыгын колго алууда КСДПга негизги атаандаштыкты "республикачылар" түзөрү анык. Ушул эле фракциянын өкүлдөрү өткөн аптада парламентте вице-премьер Тайырбек Сарпашевди да убактылуу кызматынан четтетүүнү талап кылышкан. Депутаттардын арасында Тайырбек Сарпашевдин туугандарына тиешелүү ишканалардын "Кумтөргө" май ташуу боюнча тендерди, Бишкек шаарынын жолдорун оңдоодогу тендерди кандайча утуп чыкканы кызыгуу жаратууда. Өткөн жумада вице-премьерге, туугандарына тиешелүү деп саналган бир канча компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Жогорку Кеңеште комиссия түзүлдү. Андыктан кезек Тайырбек Сарпашевдеби деген суроо туулат.
Кошумчалай кетсек, сейил бактын жалпы аянтына кирбей калган жогорудагы жер тилкеге кафе, ресторан, май куюучу жай жана башка объекттер тургузулган. Анын ичинде кыска убакыт аралыгында катуу популярдуулукка жеткен, тынымсыз той-топур, өзгөчө шоу-концерттер өткөрүлүп жүргөн "Ала-Тоо" рестораны да бар.