"Тез татымдар инсульт жана инфарктка жол ачат". Биолог ден соолукка зыян азыктарды атады

Ден соолугубуздун чың болушу, албетте, туура тамактануудан жана туура тамак тандообуздан көз каранды. Ар бирибиз дамдуу тамак жегенди жакшы көрөбүз. Бирок ал азыктардын организмге канчалык пайдасын же зыянын тийгизип жатканын көп этибарга ала бербейбиз. Мындан улам ууланууларга дуушар болуп, ар кандай дарттарга чалдыгарыбыз бышык.

Биолог Гулсия Бараталиева SUPER.KG порталына айрым азык-заттардын зыяндуулугун, аны менен катар кандай ооруларга жол ачарын айтып берди.

-Туура тамактануу дегенде эле сөзсүз ал же тигил азыкты жеш керек деп айтуу кыйын. Албетте, ар кимдин каалоосу жана акчасына жараша тамактанат деп ойлойм. Күнүбүздө табигый деп эсептелген тамак-аштын түрлөрүнө да маани берүү керек. Мисалы, бал пайдалуу деп айтканыбыз менен балды эгер аарылар химикат же пестицид себилген өсүмдүктүн гүлүнөн алса, анда кыйыр жол менен адамдын организмине кирет. Картошка жана башка жер-жемишти талаага эгүүдө ар кандай пестициддер колдонулат. Пестициддер, инсектициддер курт-кумурскаларга, отоо чөптөргө каршы колдонулганы менен курамында оор металдар болуп, топуракты гана булгабастан, өсүмдүккө тамыры аркылуу сиңип кетет.


Ар бир үйдө эт туураган такта менен нан туураган такта өзүнчө болушу шарт. Малдын боорундагы же этиндеги мите курттар тактада калып калса, кийин нан же жашылча-жемиш туурап жегенде адамга келип түшөт. Эхинококкоз өлкөбүздө сап башында турган оорулардын бири.

Айылда туура тамактанышат дегенибиз менен, сүтүн сатып, ордуна кумшекер алышкандар бар. Кумшекердин курамында эч кандай минералдар же витаминдер жок. Ал эми кыям кумшекерден эки эсе зыян, анткени кайрадан кайнатылат, таптакыр колдонбой койсоңуздар болот.

Тез татымдар

Транс майлар маргариндерде, кайра иштетилген тамактарда, жана тез татымдарда кеңири колдонулат. Алар жаман холестеролду көбөйтөт. Демек, жүрөк-кан тамыр ооруларын чакырат, кан тамырлардын ортосуна май топтолуп, жабылып калышынын негизинде мээге жана жүрөккө жетиштүү кан агымы болбогондуктан инсульт жана инфаркт келип чыгышы мүмкүн. Клиникалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, транс майлары сезгенүүнү күчөтөт, айрыкча ашыкча салмактуу же семиз адамдарда. Күнүбүздө ар бир бешинчи адам кантип арыктайм деген көйгөй менен жашайт.

Мындан тышкары балмуздак жана шоколаддардын айрым түрлөрүндө да жогоруда биз белгилеген заттар кошулат. Албетте, айрым тамак-аштарды чыгарган мекемелер, талапка дал келген азыктарды чыгарышат, бирок баары эмес. Андыктан кайсы гана тамактын түрү болбосун, этикетине карап, окуп анан алууну сунуштайм.

Кукси же тез даярдалуучу ун азыктары

Булардын кесмелери ундан жасалганы менен кеп түйүнү алардын ар биринде баштыкчаларга салынган татымалдарында.

Алардын курамында:
Консервант E 211 (натрий бензоаты) "Big Bon" макаронунун бардык үч түрүнөн, "Big Lunch" ачуу соусунан жана уй эти кошулган азыктардан аныкталган.

Натрий бензоаты аскорбин кислотасы (витамин С, кошулма E300) менен реакцияга кирип, күчтүү канцероген болгон бензолду пайда кылышы мүмкүн. Реакция жылуулуктун жана жарыктын таасиринде, ошондой эле көпкө сакталганда жүрөт.

Бензолдун узакка созулган таасири менен организмде гемоглобиндин деңгээли төмөндөйт. Ошондой эле лейкоз оорусунуна алып келиши мүмкүн.

Шеффилд университетинин профессору, британиялык илимпоз Питер Пайпердин изилдөөсүнө ылайык, мындай кошулма митохондриядагы ДНКнын бузулушуна алып келип, бир катар олуттуу ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Мисалы, нейродегенеративдик оорулар, боор цирозу жана Паркинсон оорусу. Тамак-аш кошулмасы E211 денеден дээрлик чыгарылышы кыйын. Ошондой эле узак сактоо жана даамынын туруктуулугу үчүн E202 консерванты (калий сорбаты) кошулат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча E202 кошумчасы оптималдуу консервант катары таанылды. Калий сорбатын да көп өлчөмдө колдонууда, ооздо, кызыл өңгөчтүн жана ашказандын былжыр челинде жеңил аллергиялык реакцияны пайда кылышы мүмкүн.

Кесменин курамында эч кандай белок же витамин жок. Ошондуктан 1-1,5 сааттан кийин эле адам ачка болгонун сезет. Мындай азыктарды ачка тоюу же пайдасыз тоюу десе да болот. Азыкты жегенибиз менен курамында эч кандай пайдалуу заттар жок.

Ал эми баштыкчалардагы татымалдарында ар кандай консерванттар, жыт бергичтер, транс майлар, туз жана боёктор болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан