Next TV телеканалынын кызматкери, жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалды. Бул туурасында саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда активистти Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кеткени айтылат.
Адилет Али Мыктыбек Бишкекте өзүнүн социалдык баракчасынан митингдерди, нааразычылык акцияларды түз эфир аркылуу көрсөтүп келет.
Эске салсак, УКМК "Next TV" телеканалына карата “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.