Жалал-Абаддагы массалык уулануу: Ооруканага 23 тургун кайрылды

Жалал-Абад шаарында тез татымдан ууланып, 23 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу облустук оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараевге байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу.

"Ооруканага 23 бейтап кайрылды. Алар Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары. Балдары менен түшкөн эки үй-бүлө, бир кош бойлуу аял бар. Учурда абалдары туруктуу, дарыланып жатышат. Алар шаардагы тез татымдан шаурма жешкен.

Дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деди дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан