Марат Казакпаевдин өлүмү: Сот ага козголгон кылмыш ишин токтотту

Саясий серепчи Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 30-июнда Биринчи Май райондук соту саясатчынын каза болгондугуна байланыштуу ага карата козголгон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскарткан.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Маалымат үчүн: 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан