2013-жылдын республикалык бюджетине айрым түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР Өкмөтү азыркы макроэкономикалык жагдайга байланыштуу 2013-жылдын республикалык бюджетине айрым түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул туурасында  бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, республикалык бюджетте көрсөтүлгөн бир унций алтындын наркы 1242 долларга чейин түшүп кеткендиктен, бюджетке 1 миллиард 700 миллион сом акча каражатынын түшпөй калуу коркунучу бар.

Бирок учурда инфляция 6,9 пайыз, ички дүң өндүрүмдүүлүк күтүлгөндөн көп. Мындан улам  бюджеттин киреше бөлүгү 1 миллиард 131 миллион сомго көбөйүп жатат.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан