КРнын Каржы министринин айлыгы 21 000 сом

Каржы министрлигинде иштегендер 150 миң сом айлык алат деген маалымат жалган. Муну бүгүн, 2-декабрда аталган министрлик билдирди. Маалыматка таянсак, борбордук аппаратта иштегендердин маянасы 11 250 сомдон 12 150 сомго чейин. Бөлүм башчылары 13 950, башкармалык жетекчиси 14 850, министрдин орун басары 17 000, министр 21 000 сом маяна алат. Мындан сырткары кызматкерлер эмгек тажрыйбасына, класстык чинине жараша кошумча каражат алары айтылды.   

Айта кетсек, Каржы министрлигинде жалпы 1 074 кызматкер иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан