Жалал-Абадда 35 адам ууланган тез татым жайы жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 адам ууланган “Ага-ини” тез татым жайына айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 35 тургун 27-июнда шаардагы “Ага-ини” тез татым жайынан тамактанган. Аталган окуядан кийин Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7 миң 500 сом айып салынды.

Бүгүн, 30-июнда вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен аталган окуяга байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аба ырайы кескин жогорулап жаткандыктан шаардагы тез татым, бат бузулуучу эт, сүт азыктарын, жер-жемиштерди көзөмөлгө алып, тез арада рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берилди.

Эскерте кетсек, “Ага-ини” тез татым жайынан 35 адам ууланган. Учурда алардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлердин айтымында, бардык бейтаптардын абалы туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан