Баткенде сел жүрүү коркунучун алдын алуу иштери жүрүүдө (фото)

Баткенде сел жүрүү коркунучун алдын алуу максатында коргоо жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучун атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу иш-чарасынын негизинде Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан, Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк айылында жалпы 94 миң 970 килограмм цемент, 5646 килограмм арматура жана d-500 мм темир түтүк бөлүнүп берилген.
Учурда сел өтүүчү сайдын жана сел коргоо тосмонун жээгин бекемдөө иштери колго алынды. Азыркы тапта сел өткөрмө куруу жумуштары жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары тиешелүү техникалар тартылып, алдын алуу жумуштарына жергиликтүү эл тарабынан да жардам берилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан