Ошто жаштар арасында интеллектуалдык таймаштар уюштурулат

Кечээ, 30-июнь күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа жаштары жана жаш активисттер менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаарынын келечектүү багыттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланган.

"Ал эми жаштар мэриянын колдоосу менен жаштар арасында интеллектуалдык таймаштарды кайрадан баштоо демилгесин айтышты. Бул демилгени Алмаз Мамбетов колдоого алды. Ошондой эле Ош шаарынын мэринин атынан студенттерге стипендия уюштуруу маселеси көтөрүлдү. Бул боюнча быйылкы жылдын күзүндө мыкты окуган студенттерге республикалык деңгээлдеги стипендия берүү системасын киргизүү пландалууда", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан