Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2-декабрдагы жыйынында өкмөт азыркы макроэкономикалык абалга байланыштуу 2012-жылдын республикалык бюджетине айрым түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, республикалык бюджетте көрсөтүлгөн бир унций алтын наркы 1242 долларга чейин түшүп кеткендиктен, бюджетке 1 миллиард 700 миллион сомдун түшпөй калуу тобокелчилиги бар. Бирок учурда инфляция иш жүзүндө 6,9 пайыз деңгээлинде болуп тургандыктан, ички дүң продукция пландагыдан көп болуу менен, бюджеттин киреше бөлүгү 1 миллиард 131 миллион сомго көбөйүп жатат.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.