Бүгүн, 1-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 127 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши жана агып чыгышы жарыяланган эмес.
Кечээ, 30-июнда суунун көлөмү 12 миллиард 60 миллион метр кубду түзгөн.