Эл аралык фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту

Эл аралык спорттук фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Кѳл облусунда “Кыргызстандын бермети” аталышындагы IV Эл аралык спорттук фестиваль ѳткѳрүлүп жатат. Фестиваль дүйнѳнүн 15 өлкөсүнѳн келген спортчулардын катышуусунда өтүп, спорттун 30 түрүн камтыган.

Аталган фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунан 17 кызматкер спорттун 6 түрү боюнча ар кандай салмакта күч сынашып, 13 кызматкер байгелүү орундарды камсыздашты. Алардын арасында бир кесипти аркалаган бир туугандар дагы бар.

-"Пауэрлифтинг" боюнча 1-орунду 100 килограммга чейинки салмакта 1-батальондун рота командиринин ѳздүк курам менен иштѳѳ боюнча орун басары Мурат Маметов ээледи;

-“Ушу-саньда” боюнча 1-орунду 85+ килограмм салмакта полктун атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Кубаныч Ырыспаев жана 65 килограмм салмакта полктун Ош шаарында жайгашкан батальонунун кызматкери Алсеит Азизбеков ээлешти.

-“ММА” боюнча 1-орунду 65 килограмм салмакта полктун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Майрамбек Тентиев ээледи.

-“Кармашып урушуу” боюнча 1-орунду 85 килограмм салмакта полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын күжүрмѳн-кызматтык жана дене тарбия боюнча улук инспектору Семетей Урбаев, 75 килограмм салмакта полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Улукбек Рахатбеков, 65 килограмм салмакта полктун атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Жолдош Балбаев ээлешти.

Ал эми 2-орунду 90 килограмм салмакта полктун атайын операциялар отрядынын кызматкери Азиреткул Туйчиев, 2-орунду 65 килограмм салмакта Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Данияр Тургунбеков багындырды.

-“Кармашып урушуу” боюнча кыз-келиндер арасында 2-орунду 65 килограмм салмакта 2-батальондун 1-ротасынын милиционери Мээримай Мурадилова ээледи. Спорттун бул түрү боюнча 3-орунду 95+ килограмм салмакта полктун атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Максат Пирматов менен 70 килограмм салмакта полктун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Абималик уулу Байман багындырды.

-“Эр эңиш” боюнча 3-орунга 70 килограмм салмакта полктун Нарын облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкери Райхан уулу Бактыгул ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан