Нью-Йоркто чоңдор үчүн өзгөчө бала бакча ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул бала бакчага каалаган адам кире алат. Мекеме ичиндеги балалык сезимдерин ойготуп, бир аз ишенимдүү болуп, чоңдордун жашоосунан тыныгууну же жөн гана "теңтуштары менен" көңүл ачууну каалагандар үчүн арналган.
Бала бакчада күн сайын чоңдор үчүн сабактар өтөт. Бирок бул сабактардын өтүлүшү кадимки бала бакчадагы сабактардан анча деле айырмаланбайт. Чоңдорго ырдоо, чоподон же пластилинден айкел жасоого, сүрөт тартууга жана башка көптөгөн "наристелердин иш-аракеттерин" жасоого мүмкүнчүлүк берилет. Бакча ошондой эле түшкү тамак жана тынч саат менен камсыз кылат. Кээде мекеме "окуучулары" үчүн Нью-Йорк шаарын кыдыртып экскурсияларды уюштурат.