“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чолпон-Ата жана Тыналиев көчөлөрүн кооздошту. Бул тууралуу Бишкек шааардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата көчөсүндөгү газондун үстүнө бир жылдык гүлдөрдөн отургузулган “Бишкек 2022” деп жазылган гүлзар ачылды. Жазуу сары колеус жана кызыл сальвия гүлдөрүнөн кооздолгон.
Ал эми Тыналиев көчөсүнө гүлдөн жасалган фонтандар коюлуп, пеларгония, сальвия, тагетес, георгин, агератум гүлдөрү көчөнүн көркүн ачып турганы кабарланат.