Бишкектин Рухий-Мурас жаңы конушундагы Садыр Жапаров көчөсү деген жазуусу бар такта алынганын Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
"Бул жаңы конушта мындай аталыштагы көчө жок. Учурда көчөдөгү электр мамысына илинген тактайчалар толугу менен алып салынды. Эмне максатта, кимдер тарабынан мындай такта илингени тууралуу азырынча так маалымат жок", - деди администрациядан.
Эске салсак, буга чейин борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болгондугу тууралуу маалымат тараган.