Ош шаарында адашып жүргөн жеринен табылган 8 жаштагы бала чоң ата, чоң энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 28-июнда Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндө 2014-жылы туулган Ф.Ю аттуу бала адашып жүргөн жеринен табылган. Ош ОИИБдин кызматкерлери аны Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алып келишкен.
Өспүрүм менен сүйлөшүү учурунда анын ата-энеси такталып, бирок азыркы учурда алар Орусияда эмгектенип жүргөндүгү белгилүү болгон. Мындан улам өспүрүм Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жашаган чоң эне жана чоң атасы менен жашаары аныкталып, аларга өткөрүлүп берилгени маалымдалды.
Мындан тышкары Ф.Ю. менен маектешүү учурунда ал психологиялык жактан жабыркагандыгы жана психологдордун жардамына муктаж экендиги аныкталган. Учурда ага керектүү жардамды көрсөтүү үчүн Кара-Суу районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуш каты жиберилгени айтылды.