Жалал-Абадда "Ага-ини" тез татым жайынан тамактангандан кийин 40 адам ууланды. Алардын ичинен 28 бейтап ооруканада жатат. Жалал-Абад шаардык мэриясы бейтаптардын абалы канааттандырарлык экенин кабарлайт.
"Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды. Дарыгерлер бейтаптардын абалы канааттандыралык экенин билдиришти", - дешет мекемеден.
Эске салсак, "Ага-ини" тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка
ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.