Ош шаарына кирүүдө милициянын 4 посту иштеп жатат. Бул тууралуу Ош облусу жана Ош шаары боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, посттор шаарга абалды курчутуу үчүн провакаторлордун тобун, курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды киргизбөө үчүн Ош-Гүлчө, Ош-Кара-Суу, Ош-Араван жана Ош-Ноокат унаа жолдорунда посттор иштеп жатышат. Эртең менен митингге катышуу үчүн келе жаткан атчандар киргизилген эмес.