Орусияда коронавирустук пандемияга байланыштуу бардык чектөөлөр алып салынды

Орусияда коронавирустук пандемияга байланыштуу киргизилген бардык чектөөлөр алып салынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык процесстин интенсивдүүлүгүнүн төмөндөшүнө байланыштуу мурда киргизилген чектөөлөр, анын ичинде маска режими, түнкү тамактанууга тыюу салуулар жана башка бир катар чаралар токтотулду.

Ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жана коомдук тамактануучу жайларга карата чектөөлөр жокко чыгарылгандыгы айтылат.

Мындан тышкары, жергиликтүү министрлик эпидемиологиялык абал начарласа, чектөө чаралары кайра жанданышы мүмкүн экенин билдирген.

"Эпидемияга каршы иш-аракеттер, ооруларды өз убагында аныктоо жана эпидемия процессине мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаралар улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан