реклама
super.kg logo
Кино

Француздар да келишти... "Шамбала" тасмасы Парижде көрсөтүлдү

 

Бир нече эл аралык сыйлыктарга татыган "Шамбала" тасмасы Францияда көрсөтүлдү. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун тасмасын көрүүгө Франциядагы кыргыздар эле эмес, француздар да келишти.

Бул туурасында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Садык Шер-Нияз билдирип, көрүүчүлөр аз келеби деп кооптонгонун жашырган жок.

"Шамбаланы" Парижден көрсөтүп алдык. Эл аз келеби деп кооптондум эле. Тескерисинче, билеттер көп сатылып, "Линкольн" кинотеатры эң чоң залын бериптир. Кыргыз, француз аралашкан эл болду. Бул жакта ЮНЕСКОнун чакыруусу менен жүргөн билим берүү министрибиз Алмаз Бейшеналиев да келип катышып кетти.
Уюштуруучуларга, колдоо көрсөткөндөргө чоң ырахмат. Ынтымак болсо мындай майрам Парижде дагы далай өтөт деген ойдомун", - дейт элчи.

Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган. "Оскар" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган тасма эл аралык 30 сыйлыкка ээ болду.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194659;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: