Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Манас-Ата" кафеси боюнча тиешелүү кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйында Оштун мэри кол адында иштеп жаткан кызматкерлерге нааразычылыгын билдирген.
"Кафе салынып жатканда бирөөңөр да басып келбейсиңер. Салынып бүткөндөн кийин алгыла десем "бул сот менен чечилет" дейсиңер. Бир эле кафеники аныкталды, бизде мындай кафенин канчасы бар? Демек, баары эле мыйзамсыз курулган турбайбы. Менимче, бир дагы документи жок кафелер бар болушу керек. Бир тыйын төлөбөй суусун, электр жарыгын бекер иштетип жатса таң калбайм. Сен эч нерсе кылбайсың, бул эч нерсе кылбайт деп эле жатасыңар, ким эмне кылат? Анда бул жакта эмне жүрөсүңөр?", - деди ал.