Кант шаарындагы "Кыргызтелеком" ишканасынын айланасы көрктөндүрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Кант шаарынын Ленин көчөсүндөгү "Кыргызтелеком" аймагын жакшыртуу боюнча долбоордун эскизи иштелип чыккан. Имараттын жанында флагшток орнотулуп, долбоор заманбап стилде, кыргыздын улуттук колорити эске алынганы айтылат.
"Кант шаарынын мэриясы тарабынан оңдоп-түзөө долбооруна буйрутма берилип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштеринин 60 пайызы бүтүп, ушул жылдын июль айынын аягында толук бүткөрүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.