"Ошол эле учурда “Бишкек шаарына сунушталган инвестициялык долбоорлор” аттуу өзүнчө сунушталган бөлүм бар. Бул долбоорлорду азыркы учурда Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги ишке ашыруу үчүн кабыл алды.
Ар бир долбоор Бишкек шаарынын белгиленген, атап айтканда транспорт, экология, унаа токтотуучу жайлар, тиричилик жана тамак-аш калдыктар чөйрөлөрүн, бизнес-борборун жана “Бишкек-сити” эл аралык ишкер борборун куруу, темир жол менен бирге Бишкек шаарынын борборуна жаңы магистралын куруу жана ТЭЦ-2нин ишин калыбына келтирүү милдеттерин чечүүгө багытталган", - деп жызылат маалыматта.
Инвестордун маалымдамасы орус жана англис тилдеринде чыгарылды.