
2-июлдан 4-июлга чейин Баткен жана Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
"Ош электр" ААКсынан маалымдашкандай, 2-3-4-июлда саат 08:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү даректерде электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
2-июль:
Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүндө;
Өзгөн районунун Салам-Алик, Арагол, Кызыл-Тоо, Ак-Жар, Көлдүк айыл өкмөттөрүндө;
Баткен шаарынын Турмаматов, Раззаков, Салихов, Султанмурат, Миңбашы көчөлөрү, Аэропорт, МСО, СМУ кварталдары, Бужум айыл өкмөтүндө.
Өзгөн районунун Салам-Алик, Арагол, Кызыл-Тоо, Ак-Жар, Көлдүк айыл өкмөттөрүндө.
Ноокат районунун Каранай, Дедек-Буу, Адыр, Арык-Тейит, Правда, Баглан, Ак-Чал, Таш-Булак, Ак-Терек, Кызыл-Булак, Кожо-Арык, Абшыр-Сай айылдарында.
Ош шаарынын Ак-Тилек, Черемушки кичи райондорунда, Ак-Тилек №1,3,34,37, Ахмедов, Калинин, Моминов, Полевая, Амир Тимур, Пролетарский, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Фурманов, Степная көчөлөрүндө.
«Ошэлектр» ААКсы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!