Мамлекеттик тил комиссиясы иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүүдө

Бүгүн, 1-июлда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын болуп өттү. Аталган жыйынды Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы уюштурду.

Иш-чарага Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери, Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, билим берүү мекемелеринин, мэриянын түзүмдүк башкарма, бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Бишкек шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилдин ролу” жөнүндө кенен баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө “Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил”, “Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактар маселеси” жана башка темаларда докладдар окулду.

Тил комиссиясы тилди өнүктүрүү боюнча иш алып барууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан