Бүгүн, 1-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи аба каттам менен Оштон 100 жүргүнчү учуп барса, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти.
«Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) аткарууну пландаштырууда.
Аба каттамдар сентябрга чейин аткарылат.