Бүгүн, 1-июлда президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын өнүгүү программасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
Билдирүүдө жазылгандай, Каракол шаарын өнүктүрүү программасына өлкө бюджетинен 2 миллиард сом бөлүнөт. 2022-жылы 10 долбоорду ишке ашыруу үчүн 885 миллион сом каралып, бүгүнкү күндө анын 70 миллион сому бөлүнгөн.
Шаар мэри Эрмат Жумаев бул программанын алкагында шаарда туризмди, өндүрүштү, спортту жана билим берүүнү өнүктүрүү пландалып жатканын айтып берди.
"Бул программа өзүнө бюджет түзүүчү, социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду камтыйт. Анын ичинде шаардын негизги базарлары менен жолдоруна болгон жүктү азайта турган муниципалдык базардын курулушу. Долбоордун жалпы наркы 150 миллион сомду түзөт. Мындан тышкары таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу пландалууда. Долбоордун жалпы наркы 135 миллион сом.
Мэр билдиргендей, шаарда «Жол чарбасы» муниципалдык ишканасынын базасында асфальт-бетон заводун, темирбетон буюмдарын чыгара турган цехти ачуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондой эле шаардык инфратүзүмдү оңдоо, социалдык объектилерди жакшыртуу жана модернизациялоо, негизинен шаардык стадионду реконструкциялоо жана спорттук комплексти куруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.
Мамлекет башчысы бул долбоордун алкагында пландалган иш-чараларды канааттануу менен белгиледи.
Садыр Жапаров күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жергиликтүү калктын жашоо сапатына жана жалпы эле шаардык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир этиши керектигин, ошондой эле Караколго туристтерди тартууга көмөктөшөрүн белгиледи.