Жалал-Абад шаарында тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө шаардагы бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбашы белгилүү болду. Алардын арасынан 4 жайга кызматкерлердин санитардык китепчелери жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегендиктен 3 миң сомдон 7 миң 500 сомго чейин айып пул салынды.
Текшерүүнү вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүп жатат.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында “Ага-ини” жана “Таж-Махал” деп аталган тез татым жайларынан тамактанган 54 адам ууланып, учурда алардын 34ү облустук ооруканада дарыланууда. Ал эми калган бейтаптар үйлөрүндө амбулатордук дарыланууда.