Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыш Салиеванын атындагы медалды түздү. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, медаль Батыш Салиеванын 100 жылдыгына карата түзүлгөн. Ал 25 жыл Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болгон.
"Чындыгында, ал Исхак Раззаков менен биргеликте Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүп, бүгүнкү күндө бизде болгон социалдык коргоо системасын түздү. Ошондуктан медаль анын урматына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жогорку ведомстволук сыйлыгы болуп калат. Бул социалдык камсыздоо тармагындагы биринчи жана бирден-бир медаль. Аны жылына беш эле адам алат", - деди министр.
Медаль менен социалдык камсыздоо, гендердик теңчилик, социалдык маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташтык жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга олуттуу салым кошкон инсандар сыйланат. Ошону менен катар сыйлык менен Кыргыз жарандары жана чет өлкөлүк жарандар сыйланат.
Биринчи ведомстволук медалды Батыш Салиеванын кызына тапшырылды. Ошондой эле дене тарбия жана спорттун ардагери, Каракол шаарынын Бокс Федерациясынын вице-президенти Качкын Ашимкановго, Каракол шаарынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Виктория Федотовага ыйгарылды.