Украина Түркиядагы башкы консулун артка чакырып алды

Украина өкмөтү Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Богдан Яременкону ээлеген кызматынан бошоп, Киевге кайтуусун эскертти. Бул тууралуу Богдан Яременко Facebook түйүнүндөгү жеке баракчасына кабарлаганын чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалыматка караганда, Богдан Яременкого Украинанын Тышкы иштер министри Леонид Кожардан “Сиздин Стамбулдагы башкы консулдук кызматындагы ишмердүүлүгүңүз соңуна чыкты. Тиешелүү иштерди аягына чыгарып, 7-декабрга чейин Киевге кайтыңыз!” деген кат барган.
Чет элдик маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Богдан Яременко 30-ноябрь күнү Киевдеги “Беркут” атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин нааразычылык акциясына чыккандарды куугунтуктаганын катуу сындаган. Ал жеке баракчасында укук коргоо органдарын фашисттерге теңеп, “Беркуттун” башчысына табелдик куралын туура жолго пайдалануусун өтүнгөн. 
Тышкы иштер министри консулдун жоругу дипломатияга жатпаганын белгилеп, “мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кызматкер айтпай турган эмоционалдуу билдирүү” болгонун кошумчалаган. Кызматтан бошотулушу тууралуу пикирин билдирген Яременко жеке баракчасына үйүнө келери менен керектүү буюмдарын алып, майданга чыгарын жазган.
Белгилей кетсек, Богдан Яременко Стамбулдагы башкы консулдук кызматка 2010-жылы дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан