Казакстанда коронавируска чалдыккандар кайрадан көбөйүп, карантиндик чектөөлөр кирип жатканы айтылды. Кыргызстанда да COVID-19 илдети кайрадан күч алабы, дары-дармек, ооруканадагы орундар жетиштүүбү деген суроо менен саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековго кайрылдык.
Анын айтымында, өлкө коронавирус менен күрөшүүгө даяр.
"Баарыбыз дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. 2020-жылга караганда биздин саламаттыкты сактоо системасы коронавирус менен күрөшүүгө толук кандуу даяр. Азыр медициналык жайларда орундар, медиктер жана дары-дармек жетиштүү", - деди министр.
Белгилей кетсек, өткөн аптада, тагыраагы 20-26-июнь аралыгында COVID-19 инфекциясынын 29 жаңы учуру катталган. Анын ичинде Бишкек шаары – 21, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 2, Ош облусу – 1, Ош шаары – 1.