Бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстерин жана башка жабдууларды тапшыруунун расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган комплекстер ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына (БМЖККК) өткөрүлүп берилди.
Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова, Орусиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Гусев, БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов, Япониянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Окава Соичиро жана башкалар катышты.
Министр Улан Ниязбеков сөз сүйлөп министрлик тарабынан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча заманбап технологиялар жана иш ыкмалары тынымсыз киргизилип жатканын баса белгиледи.
Мындай чечимдердин бири БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсеси менен БМЖКККнын ишмердүүлүгүнө учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу болгон. Белгилей кетсек, бул долбоор Орусиянын өкмөтү тарабынан каржыланат.
"Учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстерин күнүмдүк иш-аракеттерге ийгиликтүү киргизүү үчүн БУУнун БКБ менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу боюнча олуттуу иштер аткарылды, жакында биз анын оң натыйжаларын көрө алабыз.
Учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен БМЖКККнын кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү менен гана эмес, жашоонун башка тармактарында да жардам алышат деп айта алам.
Бул багытта ИИМдин башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен иши жаңы дем алып, мамлекетке пайда алып келээрине терең ишенимимди билдирем", - деди Улан Ниязбеков.
Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ички иштер министрлиги тарабынан эки учкучсуз учуучу учактын аппараты, өздүк курамды жана учкучсуз учуучу аппараттарды ташуу үчүн эки мобилдик унаа тапшырылды.