Бишкекте "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу ойнотулуп жатат

Бүгүн, 1-июль күнү Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу ойнотулуп жатат.

Аталган лотереяда Бекмырза Улукбеков аттуу жаран эки утушка ээ болуп, микротолкундуу меш жана чаң соргуч утуп алды. Бирок лотереянын эрежесине ылайык, ал эки байгенин тең ээси боло албагандыктан чүчүкулак жокко чыгарылды.

Жыйынтыгында чаң соргуч Кайрат Жакыпов аттуу жаранга буюрду.

Лотереянын жүрүшүндө баалуу байгелер, анын ичинде 2 унаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да келди.

Лотерея кыргыз эстрада жылдыздарынын шаңдуу концерттик программасы менен улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан