Биз социалдык тармакта

Саясатчы Равшан Жээнбеков сурактан чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбеков Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан сурактан чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын жазганына караганда, саясатчыны түнкү саат 2:30да коё беришкен.

"Мени Фейсбук баракчама Кыргызстандын тышкы карызы боюнча жазган постумду туура эмес же жалган деген таризде кармашкан. Бирок эч кандай жалган маалымат жок. Баарын далилдеп айтып бердим", - деген саясатчы.

Кечээ Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына аны милиция кызматкерлери кармап кетишкенин жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан