Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маеги жарыяланды.
Анда журналист өлкө башчыга "Октябрь окуясы боюнча сотто өтүп жаткандар баары эле акталышты. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар бар. Айрым блогерлер бийлик менен соодалашуу болду деп айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?" деген суроо узатты.
"Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп айткам. Мындан ары мурдагыдай Ак Үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт", - деп билдирген өлкө башчы.