Садыр Жапаров: "Бардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, акыркы убакта коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткан айрым суроолорго жооп берди.

Анда президент журналисттин "Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экенин эскертти. Бир катар мамлекеттерди мисал да келтирди. Бирок буга чейин сиз айтпадыңыз беле "Кумтөрдү" алсак эле тышкы карыздан заматта эле кутулабыз дегендей. Бул жагы кандай болуп калды? Төлөй албай калчу коркунучу барбы?" деген суроосуна жооп берип, тышкы карыздар убагында төлөнөрүн айтты.

"Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо, мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, бардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз.

Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайын колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал айтып жатат: «Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 миллион доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун» деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым. Экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар деп", - деп жооп берди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан