Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкүсү түшүүсү күтүлүүдө

2013-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкүсү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Мындан улам кар көчкү жүрүүчү аймактарда унаалардын ортосунда 500 метр аралыктын так сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан