Карындашын коргогон ага: Акыйкатчы окуя боюнча үн катты

Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салган окуя боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова үн катты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, Акыйкатчы институтуна түндө тийиштүү тапшырма берилген.
"Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн сотто агасынын (ред., Д.З.) бөгөт кою чарасы каралат, (биздин кызматкерлер мониторинг жүргүзөт, Аселдин арызын алат (макул болсо);
Бүгүн дем алыш күн болгонуна байланыштуу бизден ИИМге оозеки өтүнүч айтылды - агасын психологиялык экспертизадан тез өткөрүүгө, себеби аффект деген түшүнүк бар. Бул иш абдан маанилүү, бирок көп учурда кылынбайт.
Окуя боюнча ишибизди улантабыз", - деген акыйкатчы.
Белгилей кетсек, карындашы А.Ж. окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан