Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек бир айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотуна байланышканыбызда билдирди.
Белгилүү болгондой, кечээ, 1-июлда Биринчи Май райондук соту активистти тергөө абагында 1 айга, тагыраагы 29-июлга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
"Активист 1 айга Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камакка алынды" дешти соттон.
Адилет Али Мыктыбек Бишкекте өзүнүн социалдык баракчасынан митингдерди, нааразычылык акцияларды түз эфир аркылуу көрсөтүп келет. Ал “массалык баш аламандыктар” беренеси менен айыпталып кармалган.