47 миңдей кыргызстандыктын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында жазылат.
Анда жазылгандай, аларга буга чейин Орусияда “майда” административдик укук бузууларды жасаганы үчүн өлкөгө кирүүгө чектөө коюлган.
Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн статусун Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жоктордун Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө үчүн негиздер бар экендигин текшерүү” сервисинен текшере алышат.
"Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде, анын ичинде орус сотунун чечиминин негизинде Орусиядан чыгарылгандар да калды.
Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз жарандарынын тизмеси кыйла кыскартылды. Бул Тышкы иштер министрлиги орусиялык тарап менен жүргүзүлгөн иштин, анын ичинде 2022-жылдын май айындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында болду", - деп жазылат маалыматта.