Массалык уулануу: Жалал-Абадда тез татым жайлары жабылууда

Бүгүн, 2-июлда Жалал-Абад шаарынын аймагындагы тез татым жайларына рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анда шаар аймагындагы дээрлик бардык тез татымдарда тамак-ашты сактоо абалы санитардык талаптарга жооп бербегендиги аныкталды. Ошондой эле ал жерлерде эмгектенген кызматкерлердин медициналык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө эч бир тийиштүү иш кагаздары жок болуп чыкты.

Буга байланыштуу Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борбору тарабынан уруксат берилгенге чейин менчигинин түрүнө карабай бардык тез татым жайлары бүгүндөн тартып жабылууда.

Эске салсак, 27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" жана "Таж-Махал" тез татым жайларынан тамактанган 79 адам ууланган. Шаар бийлиги жана тийиштүү кызматтар тарабынан аталган тез татымдар окуя катталгандан кийин убактылуу жабылган. Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгы массалык уулануулар боюнча окуяны бирдиктүү реестрге каттап, учурда тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Маалымат үчүн: Жалал-Абад шаарында 30дан ашуун тез татым жайлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан